2021-06-1311:40

Өзүбүздүн өлкөбүздү өзүбүздүн жегичтер жеди...

2021-06-03 12:16 431

Өзүбүздүн өлкөбүздү өзүбүздүн жегичтер жеди... жегичтердин жемсөөсүнө койсок, Кыргызстан мамлекетибизди да жеп-жутат. Мен көз жүгүртүп көрсөм, 1986-жылдын март айында өлкөбүздүн биринчи алтыны алынган. Ал Тогуз-Торо районунун Казарман, Чет-булак айылдарында чектеш жайгашкан “Макмалалтын” алтын ылгоочу комбинатынын алтыны болгон. Анда  аталган комбинат СССР мезгилинде Алмаз-Алтын аттуу ишканага түз баш ийген. Москва шаарында иш-кагаздары катталган. 1986-жылдан 1991-жылга чейин Тогуз-Торо району өнөр-жай өрөөнү аталып, болуп көрбөгөндөй өнүккөн. Төрт кабаттуу 48-64 батирлүү үйлөр, миңдеген окуучуларга ылайыкташкан үч кабаттуу мектеп, эки кабаттуу бала бакча, аэропорт, кызмат көрсөтүүчү мамлекеттик мекеме-ишканалар курулуп, “Нуржайык” кичи району  курулган. Этаж үйлөр ыссык, муздак суулары менен камсыздалган. Райондун өзүнчө “ТЭЦ” болгон. Дагы көптөгөн иштер жасалып, анан алтынга киришкен. Бул албетте, союз мезгили. Качан биз эгемендүүлүк алгандан бери жемкорлор өзүбүздөн чыгып тоной баштагандан баштап, жадаганда “Кумтөр” дагы Көлдүктөргө мындай имараттарды куруп берген эмес. Андан башка канчалаган “алтын кен” комбинаттары ачылды, алардын деле жер-жерлерде эл-жерге эч нерсе куруп бергени көрүнбөйт. Өз өлкөбүздү өзүбүздүн кыргыз коррупционерлери тоноп жатат. Кайсы жерде жемкорлор өнүксө, алтын деле өндүрүш болуп жыргатпайт экени көрүндү. Качан биз коррупцияга аёосуз күрөшкөндө гана алтандын алтын экени көрүнөт. Эгемендүүлүк алгандан берки отуз жылдагы өлкөнүн өмүрүн жалаң гана жегичтер убайын көрдү. Эми эл көрө турган мезгил келди...

(дагы уландысы бар)


автор: Журналист Куттумидин Базаркулов

Бөлүшүү