2021-06-1312:17

Бүгүн Жылдызкан Жолдошева УКМКга чакырылды

2021-06-03 13:34 1829

Бүгүн Жылдызкан Жолдошева УКМКга чакырылды. Кечээ күнү Кыргыз Республикасынын V чакырылыштагы Жогорку Кеңешинин депутаты, коомдук жана мамлекеттик ишмер Жылдызкан Жолдошева УКМКга суракка чакырганын айтты. Анын кебинде күбө катары чакырылганын белгилейт. Ошондо ал бүгүн 2021-жылдын 3-июнь күнү түштөн кийин УКМКга кирип, сурак берет. Айта кетсек, Жылдызкан Жолдошева дайыма бийликке бетке айтканы менен таанылган. Азыркы Садыр Жапаровдун бийлигине да түз сындарын айтып, сунуштары менен кайрылып келет.


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү