2021-06-1311:12

Жакында Сооронбай Жээнбековду камоо иштери башталат

2021-06-04 13:10 2198

Жакында Сооронбай Жээнбековду камоо иштери башталат. Мындай кылмыш иштин башы кылтыйып чыгып калды. Учурда топтошкон топ элдин тобу Сокенин камалышын гана күтүп турат. Өзгөчө Атамбаевдин тобу, ал гана эмес коюн-колтукташ болуп жүргөндөрү  да, Соке АШАны кандай сатса, анын бир кездеги кошоматчылары да ошондой сатып турган кездери. Сооронбай Жээнбековдун экс макамынын алуу боюнча Парламентке кайрылса, кайтарымы жок, жөн эле эки колун кош колдоп, колдоп беришет. Анткени, кошоматчылар ушунусу менен кошоматчы. Ким бийликке келбесин, ошонун көзүн карап, “ляппай”, “хопмайли” болгону анык. Кошоматчылардын аныктамасы ушундай. Соке өзү, өзүнөн мээси ылдыйлар менен иштешип, жалаң жугундукорлорду жакындатып,кошоматчылар, акчалуулар менен иштешкен. Мындайда Сокеге акча дагы  жардам бербейт.


автор: Асыл Нурматова

Бөлүшүү