2021-06-1312:06

Өлкөдө абал кооптуу

2021-06-04 14:37 426

Өлкөдө абал кооптуу. Кыргызстан мекенибизде ички жана тышкы саясат тынч эмес. Тышкы саясатка көз чаптырсак өлкө башчы Садыр Жапаров Россия Президенти Владимир Путин менен жолугушкандан кийин Таджикистан менен болгон алака тынчыйбы десек, ага деле болбой, ал тарап кыр көрсөтүүдө. Баткен эми бүтүн Алай өрөөнүндөгү акыбал өрчүшүп баратат. Алайлыктар Таджикистандын армиясы топтолуп жатканынан кабатырланып, кабарлашууда. Ушуга ылайык, “Кумтөр” маселеси боюнча дүйнөлүк деңгээлдеги эл аралык соттошуу күтүүдө. Анда биздин мамлекет күткөндөй болобу же күтүүсүз нерселер болуп кетеби. Ички акыбал айтпаса да түшүнүктүү. Кускундарды кустурабыз дегени менен, алар дагы жөн эле кусуп бере тургандардан эмес. Ташиев айтмакчы, арасында өткөн өлкө башчылары да бар...


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү