2021-06-1310:59

Бийликке жутунган байларда бет жок

2021-06-04 16:08 302

Бийликке жутунган байларда бет жок. Көп жылдан бери көпөстөр көпкөнүн койбоду. Бийликтегилер дагы байларды бийликке чакырганынан тажабады. Көпкөн адаттан чыга албай коюушту. Шайлоода акча тараткан байлар дагы шайлоого аттанып жатышат. Байлар көпөстүккө, бийликтегилер манаптыкка айланып баратат. Өмүр боюу Кыргызстанды басып алабыз дегендер, муундан-муунга өткөрүп кысымдап басып доор сүрөбүз дегенге өттү. Ачыгын айтканда, балдары-неберелери мурастык шайлоолорго айлантты. Эгер ушундай ач көздүк жол улана берсе, карапайым элдин чыдамсыздыгы кетип, табигаттын чагылганы чартылдабайт деп, эч ким кепилдик бере албайт.  


автор: Асыл Нурматова

Бөлүшүү