2021-06-1311:56

Көз карандылыктан, көз караш жаралат

2021-06-07 13:45 293

Көз карандылыктан, көз караш жаралат. Табигаттын татымы ушундай. Адам бир нерсени көрсө, бирдеме чыгат. Көрбөсө каяктан болот. Ошол үчүн айтылса керек, “көрбөгөндүн көргөнү курусун”-деп. Көрүп-билип туруп,билгенин кылганы жакшы.  Кудай Тааламдын пендесине берген жолу деле ушундай. А дегенде, адам көз каранды болуп төрөлөт. Ошондо да кичинекей ымыркай жакшы адамдын  колуна түшөт. Ал эне. Аял денесинен адам баласына жан кирип, кыймылдуу-жандуу болуп жаралат. Бирок адам чоңойуп алгандан кийин, Эне көз карандылыгын эсептебейт. Кээбири өзү асмандан түшкөндөй көрөт. Бул маселе кенен маселе. Андыктан “анан” кайрылабыз. Менин айтайын дегеним, дегиле адамдын турмушу бирөөгө көз карандылык менен башталат. Качан сен жетилгенде,жетилгениңди сезип, көз карашың пайда болсо, демек, көз карандылыкты толук билесиң. Турмушта көз караштуу болгонуң жетишкендик. Өз позицияң болот. Саясатта көз каранды болуп, бардыгын байкайсың. Эгер сен байкагандай, ойлогондой болбой жатса, өзүнчө жолго түшөсүң. Көрмөйүнчө, көз жүгүртүү болбойт. Андыктан ал жолдорду басып өтүүгө  туура келет. Ага шартты өзүң түзөсүң. “Лидер жолун басып жүрүп, аны аңдып аңкоо болуп кеткиче, өзүм лидер болгонду туура көрдүм”-дегенге да барасың. Лидер сени канчалык пайдаланбасын, сен ошончолук тажрыйба топтойсуң. Аны лидериң сезбейт. Анткени ал, сен, сени менен кошо көпчүлүк ээрчиген сайын өзүн лидерликтен түшпөс “Өзүмчүл” болуп калат. Качан гана, өз көз карашың пайда болуп, ордуңду тапсаң, ошондо лидер сени сезет. Биз, отуз жыл жегич, жемкорлор лидерлерди ээрчип келдик. Эми эл, кошоматчылыктын көпчүлүгүн түзпөй, ар ким өз карашын айтыш керек. Өлкөдө болуп жаткан ишмердүүлүккө калк карап өз баасын бериш керек.


автор: Журналист Куттумидин Базаркулов

Бөлүшүү