2021-07-2412:47

Мамлекетке 29 ортомчу-бөлүштүрүү компаниялары пайдалуу

2021-06-14 15:25 1374

Мамлекетке 29 ортомчу-бөлүштүрүү компаниялары пайдалуу. Өздөрүн-өздөрү камсыз кылып, өздөрүнө-өздөрү инвестиция кылып, элге кызмат кылган бул компаниялар  ири мамлекеттик Жылуулук электро станцияларга караганда “Восток”, “Северо электро”, “Жалал-Абад электро”, “Ош электро” ишканаларына салыштырмалуу, аталган 29 ортомчу- бөлүштүрүү компаниялары мамлекетке  эч кандай зыян, чыгым алып келбестен, тескерисинче киреше гана алып келет. Андыктан алар жылда техникалык жабдыктарын жаңылап турат. Бири-бири менен атаандаштык болуп, өсүү темпи байкалат. Ири мамлекеттик ишканаларда коммерциялык жоготуу 12% пайызды түзсө, тиги ортомчу- бөлүштүрүү компанияларында 5% пайызды түзөт. Бул жактарын караганда Электр энергиясын сатуучу Электро станциясын калтырып, ортомчу- бөлүштүрүү компанияларда сатуу жолу менен ишке ашса энергетика тармагы өндүрүштөгү кирешелүү тармагына айланат. Мындай билдирүүнү өмүр боюу энергетика өндүрүшүнө салымын кошуп, илимин жүргүзгөн КРнын “өнөр-жайына эмгек сиңирген ишмери”, “Манас” Орденин ээси Карыпбек Алымкулов агай айтып чыкты.


автор: Баян

Бөлүшүү