2021-07-2413:02

Көргөнүбүздү көргөндөй айтканыбыз жакшы

2021-06-30 16:14 401

Көргөнүбүздү көргөндөй айтканыбыз жакшы. Акыркы күндөрү өлкө башчы Садыр Жапаровдун Таджикистанга барып Рахмон менен жолукканы калк арасында катуу талкууга түштү. Мындай талкуу болбойт эле, эгерде ушул жылдын апрель айынын аягында Баткенде 36 кыргыз жараны баскынчылар тарабынан өлбөгөндө... Алардын арасында жаш балдар, аялдар, деги эле кыргыз атуулдары болгон. Алардын сөөгү дагы сууй элек. Жакындары эстеринин кетирбей, эсине да келе элек болсо керек. Ушундай учурда өлкө башчы Садыр Жапаровдун чакырды эле деп, Рахмонго жетип барышы албетте, чоң талкууну жаратат. Өзгөчө мындай учурларда элдештирүүчү, ортомчу башка мамлекеттин өкүлдөрү болоор эле. Мында андай болгон жок. Чындыкта, Садыр Жапаров өзү барып кол бергендей болуп калды. Аны баарыбыз көрдүк. Ал эми барганы туура болдубу, болгон жокпу, ал дагы көпкө талкуу болот.  


автор: Асыл Нурматова

Бөлүшүү