2021-07-2412:51

Айныгандар министрлик кабинеттен орун алдыбы

2021-07-02 13:38 745

Айныгандар министрлик кабинеттен орун алдыбы. Мурун эле мындай кептер айтылып келсе, жакында КР ЖКнын депутаты Аида Касмалиева саламаттык сактоо министри А.Бейшеналиевди “айныган министрди чакыргыла”-деп чоң трибунадан жар салды. Чындыгында “Уу коргошун”  ичкиле деген министрди эл деле түшүнбөй жатканы. Аны өлкө башчы министрлердин арасынан эң мыкты иштеген ушул деп мактап жибергени бар. Дагы бир тышкы иштер министри Р.Казакбаев да сынга калды. Экстримист аталган К.Батыровга паспорт жасап берүүгө шектелген Э.Байсалов дагы эле элчи болсо,  жакында Асылбек Жээнбековдун митингине жетип келген Жусупбек Шариповду эмне үчүн элчиликтен кетирбей кармап жүргөнү, убактылуу өкмөт мүчөсү А.Бекназаровдун элчиликте жүргөнү, И.Жунусовду да кармап жүргөнү катуу сынга алууда. Бул министрлик уят кылды деген материалдар байма-бай басма сөздөрдө чыга баштады.

         Ал эми маданият министри К.Иманалиев түбөлүктүү министр эмессиң!-деген кеп-сөздү Жалал-Абаддан угуп келген. Өкмөттүн башчысынын орун басары Акылбек Жапаровдун аркасынан сая түшкөн саясатчылар көбөйдү. Анын ишкердеги ишмердүүлүгүн текшерүүгө алуу прокуратурага кайрылгандар да болду. Ошону менен бирге өкмөт башчы У.Мариповду сулуулар менен саунада жүргөн деген сүрөттөр соц түйүндөрүндө жайыла баштаган. Эми кийинкилери ким болот...


автор: Асыл Нурматова

Бөлүшүү