2021-10-2807:06

Кыргызстанда үшүк жүрүп, суу ташкындайт

2019-04-27 19:07 293

Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн сууктайт.

БИШКЕК, 26-апр. — Sputnik. 27-28-апрель күндөрү түнкүсүн Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын дыйканчылык аймактарында, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде күн -1…-3 градуска чейин сууктап үшүк жүрөт. Бул тууралуу Кыргызгидрометтен билдиришти.

Андан сырткары, 26-27-апрелде күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарындагы дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүп, тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.




автор: Бекболот Сарыбаев

Бөлүшүү