2021-07-2413:43

Адам болуп туруп, адамдарды түшүнбөйм

2021-07-07 11:45 247

Адам болуп туруп, адамдарды түшүнбөйм. Түшүнөйүн десем терендетип жиберишет. Түшүнүктүн түбү жоктой. Түпкүлүгү эмнеден турат дегин келет. Бар болуп турса, бардын баркын билбейт. Жок болсо, бир паста жоктоп, ал жокто барктап калышат. Намыстуулукту, курнамыстуулук женип женишке жетишип турат. Боорукери, боор тартканына жакындап бей-бечара болот. Таш боору, таш болуп каткандай бекемдигин бел байлап “бек” болгонго жетишет. Ийгиликке жеткендери, ийне менен кудук казгандар эмес, жетелеп жөрмөлөп жетеленип жүрүп жетишкендер. Жөнөкөйлөрү жолду карап, караан болуп жүрсө, текеберлери тике жолду ашып өткөндөр. Кудай жолундабыз деп, кудайды каратып калп айткандары да арбын. Намазга жыгылгандарды карасан, намыс үчүн акча талашкандар. Бут басып кирген мечиттеринде, бут кийимди уурдап кетпесин деп каткандар. Бетине келип жакшы сүйлөп, артындан ашаткандар. Көбүртүп-жабыртып жалган айткандар көбөйүп бараткандай. Көпчүлүктө эмне кеп десен: үй-бүлөлөр ажырашты, достор кагышты, аткарган иши жок, сөз көбөйдү, Россия, Турцияга кетти, миллионер, байыды, каза болду, зордуктады деген кеп-сөз. Сүйүү сүйүнүч болбой, сүйрөлүп калды. Сүйгөнү барктаса, сүйбөгөнү бааланып жүрөт. Жүрөгү сезгени менен адамда сезим жок. Мээ турганы менен адамда мээ жок. Мен анда-сандасын булардын катарына кошконум жок, бирок көпчүлүгүн кошуп, көбөйүп баратканга кабатырмын. Качан болду эле, өзүн кызын зордуктаган, энесин өлтүрүп, атасына кол көтөргөн. Ук адам, адам бололу, кишидей болуп жашайлы. Ошондой жашагым келет. Сабыр кылсан, сазга батыргысы келет. Аны да көтөрүп сабырдуу бололу. Жакынын каза болсо, жакында мен айткам деп “ каргышын” кеп кылат “кайтар” деп айтканга оозуң барбайт, Кайгыны да көтөрөлү. Анткени “Адаммын”.


автор: Журналист Куттумидин Базаркулов

Бөлүшүү