2021-07-2413:30

Бюрократ бир тууган Бекбоевдардын бет тырмачылыгы...

2021-07-07 13:48 459

Бюрократ бир тууган Бекбоевдардын бет тырмачылыгы...

Ак үйгө көп жылдан бери иштеген Замир Бекбоев иниси Эмил Бекбоев экөө, коомчулуктун башын айландырып, улам мурунку Жогорку Кеңештин депутаты болгон А.Малиевди бурмалоо-буйуртмалар менен каралап келгени, карандай калп көрүнүш. Муну ачык эле айтса болот. Бир тууган Бекбоевдар менен А.Малиевдердин соттошуу маселесинин келип чыгышы мындай  болгон экен. А.Малиевдин Бишкек шаарынын Чокморов-Эркиндик көчөлөрүнүн кесилишинен 18 сотых жери болгон. Ошол жерге биз үй салып берели деп, ал кезде ак үйдө иштеп, өзүнө аброй тапкан Замир Бекбоев сөз келишимине келет. Бирок, ал чиновник болгондон кийин, ал кол коюудан баш тартып иниси Эмил Бекбоев менен кол коюуну өтүнөт. Ошентип бир тууган Бекбоевдар  менен ишенчээк А.Малиев келишимге келет. Сөзгө келгендин өзөгүндө, бир тууган Бекбоевдар тийиштүү ОсОО “Бабек ЛТД” фирмасы менен кол коюушуп, биргеликте көп кабаттуу үй соода-түйүндү комплекси менен курулмак болот. 2014-жылдын 27-февралында кол коюушуп, 2015-жылдын 1-ноябрында толук бүтүрүү келишими бекитилет. Анын 30% пайызы жердин ээси А.Малиевге тийиштүү экени белгиленет. Эми өз убагында бүтүрө албай, бүткөндөн кийин ар кандай махинацияланып бурмалоого, келишимден чыгып кеткен чыр, бир тууган Бекбоевдар учурда кылмыштуу кылыктарын көрсөтүп жаткан мезгили. Эгер Малиевдин жери болбосо, алар кайдан үй салат эле... (Буга дагы кайрылабыз)


автор: Асыл Нурматова

Бөлүшүү