2021-07-2412:59

Замир, Эмиль Бекбоевдар соттор менен келишип А.Малиевди алдап жатышат

2021-07-09 15:58 535

Замир, Эмиль Бекбоевдар соттор менен келишип А.Малиевди алдап жатышат. Бирөөнүн бактысына бакыт курам деген бул  бактысыздык. Бир тууган Замир, Эмиль Бекбоевдардын кылтыйган кылыктары кылмышка кептелип турса да, аны соттор актап турат. Эмне  үчүн соттор актайт, анткени актоонун аркасында албетте баягы эле келишип алмай, жең ичиндеги жемкорлуктун ичегисинин чубалжыганы. Ушундай кат менен  мурунку жогорку кеңештин депутаты Арслан Малиев мурунку өлкө башчыга чейин кайрылган. А.Малиевдин кебинде анын Бишкек шаарынын С.Чокморов көчөсүнүн Эркиндик көчө менен кесилишкен жеринде 18 сотых жери болгон. Ал жерди билип калган Замир Бекбоев, Арслан Малиевдин артынан калбай жалынып-жалбарып, ошол жерге үйдү биз салып беребиз  деп кепке келтирет. Ишенчээк А.Малиев көп жылдан бери ак үй, көк үйдө иштеген Замир Бекбоевга ишенип калат. Замир Бекбоев мамлекеттик кызматта болгондуктан  анын кол коюусу туура эмес болоорун эске алып, иниси Эмил Бекбоевду жетелеп келип тааныштырып, инисинин ОсОО “Бабек ЛТД” фирмасы менен келишим түздүрөт. Ошентип, ал жер көп кабаттуу үй соода комплекси менен курула турган болуп 2014-жылдын февраль айында кол коюулуп, 2015-жылдын 1-ноябрында 18 ай ичинде бүтө турган болот. А.Малиев курулуштун 30% пайызына келишим боюнча ээлик кылат. Биргеликте иш баштап, 2019-жылга чейин Замир Бекбоев ишке киришип А.Малиев менен иш жөнүндө сүйлөшүп турат. Качан иш жыйынтыктала баштаганда Замир Бекбоев сүйлөгөндөн кача баштайт. Ал эми Эмил Бекбоев ар кандай документтерге партнёру А.Малиевге билдирбей кол коюп, аны иштен өз алдынча четтетип кидайт эте баштайт. Ачыгын айтканда, бир тууган Замир, Эмиль Бекбоевдар алдоонун чоң ыкмасы менен Арслан Малиевди жерге болгон рейддерликти көздөп кидайт этишет. Учурда бир тууган Бекбоевдор сотторго салынган үйлөрдөн батирлерди берип, соттон-сотко өтүп А.Малиевдин жерин тартып алууга, салынган үйгө толук ээ болууга жандалбастап, кара жанын уруп жаткан учурлары экен ... (буга дагы кенен кайрылып, соттордун фамилияларына да токтолобуз)


автор: Асыл Нурматова

Бөлүшүү