2021-07-2412:49

Бийликке жакын акчалуу партиялар өттү

2021-07-12 13:50 336

Бийликке жакын акчалуу партиялар өттү. Бул айдан ачык көрүнүш. Бишкектен өткөн жергиликтүү кеңештин шайлоосуна көз жүгүртсөк, баягылардын эле баянын күүлөрү күчкө келип,чертмектерин чертүүдө. Бийликке бетке айткандар беткей калууда. Маанисине маани берсек, отуз жылдык коломтонун оту өчпөй, тескерисинче өчпөс от болуп жанууда. Бийликтин оту жанданып жалбарууда. Бишкекте өткөн шайлоодогу  “Эмгек”, “Ата-Журт Кыргызстан”, “Ишеним”, “Ынтымак”, “Өнүгүү прогресс” партиялары жалаң бийликтин көзүнүн кареги менен тегеренген көз караштагылар. Бул жерден бир гана социал-демократтар өзүнүн ойун билдириши мүмкүн. Бирок алардын беш мандаты эч нерсе чечпейт. Айтор, акчаларына, бийлигине жараша орундуктарды алышты. Ал эми Атамбаевдин партиясынын өтүшү, оппоненттин жоошуту болду.


автор: Баян

Бөлүшүү