2021-07-2413:20

  Соттор пара менен эмес батир менен бартер кыла башташдыбы ...

2021-07-21 15:22 745

Соттор пара менен эмес батир менен бартер кыла башташдыбы ... Албетте, акча алуунун, анык эквивалентин табуу, учурда соттордун чоң ыкмасы. Акыркы күндөрү мурунку жогорку кеңештин депутаты Арслан Малиевдин 1997- жылдыгы 18 сотых жерин талашып, тартып алгысы келген Замир, Эмил Бекбоевдердин тобуна жогорку соттун төрайымы Феруза Джамашева  кошулгандай өңүт калтырган. Замир, Эмил бир тууган Бекбоевдер Арслан Малиевдин Бишкектеги С. Чокморов көчөсүндөгү 18 сотых жерине үй салабыз деп алышып,  келишимдеги чектөөсүнөн чыгып кетишкенде, айла аргасы кеткенде, амал ойлоп табышып, “жерди туура эмес алган” деген ыкмага өтүшкөн. Аны ишке ашырыш үчүн, ошол кездеги Жогорку Соттун төрайымы Феруза Джамашеванын күйөөсү Сабырбек Акимбаевге салынган үйдөн батир бере коёт. Ага бере койгондун аныктамасы, А. Малиев менен бир тууган Бекбоевдердин соттон караган ишин эрди-катын Акимбаев менен Джамашеванын күйөө баласы Бейсекеев сот болуп чыгат. Мына эми кызыктардын баарын ушул Бейсекеев карап, кайнагасы С. Акимбаев батир алган бир тууган Замир, Эмил Бекбоевдерге чечип берет. Ошентип туура эмес чечимдин башында, ошол кездеги Феруза Джамашева турат деген кеп сөздөр нараазычылык  элге тарап кетет. Эгер мындай болсо, качан соттор келишип алуу, келишкен тарапка чечип берүү качан токтотот. Кийинки соттордун ыкмасына кийин кайрылабыз.


автор: Асыл Нурматова

Бөлүшүү