2021-09-1901:14

Түнү боюу талиптер автоматтары менен бийлеп чыгышты.

2021-08-16 10:19 1027

        Түнү боюу талиптер автоматтары менен бийлеп чыгышты. Алар муну менен жыйырма жылдык согуштун жеңишин майрамдашты. 2021-жылдын 15-августа жеңиш күн болду. Афганистан бийлиги өлкө борбору Кабулду тынчтык жолу менен Талибандарга өткөрүп берди. Эми Афганистан Ислам Эмири мамлекетти болоору алдын-ала кабарланууда. Америкалыктар кетип баратып Талибандарга курал-жарактарды таштап кетсе, Пакистан ислам өлкөсү жакындан жардам берип жатканы айтылууда. Ал эми Талибандык кыймыл Россия өлкөсү үчүн коопту тыюу салынган кыймыл катары эсептелинет. Учурда чектеш Таджикистан, Узбекистан өлкөлөрү үчүн да коопту, ошондой эле жакыр жашаган Кыргызстанга да коркунуч туудурбай койбойт. Эмне бар, эмне жок даярдыкта туруу зарыл. Айта кетсек, өлкө башчысы Ашраф Гани Таджикстанга качып кеткени айтылып, андан ары үчүнчү өлкөгө чыгып кетүүсү кабарланууда. Өлкөнү ушул акыбалга алып келген туурасында Ашраф Ганини күнөөлөшүүдө ...


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү