2021-09-1901:54

Акылбектин акылындай, айтканындай болуп жатат.

2021-08-16 13:52 915

        Акылбектин акылындай, айтканындай болуп жатат. Чынында эле, ошондой болуп жатабы? Бул чоң суроо эл арасында жаралды. Көз салып көрсөк, Акылбек Жапаровдун айткандары көбүнчө экономикалык, социалдык маселелерде дал келип жатыптыр. Күзүндө ачаарчылык болот деген, дегениндей болуп, кымбатчылык өкүм сүрүп, сүрүлүп эле кетип баратат. Орто жашагандар да жокчулукту сезе баштады. Ачка адамдар көчөдө көбөйгөндөр. Ал эми, эшелондолуп миграция агымы агылды дегени да дал келип жатат. Күндөн-күнгө билет баасы кымбат экендигине карабай эшелон-эшелон болуп өлкөдөн чыгып кеткендер арбыды. Анын айтканындай, борбор Бишкек шаарында таксиге түшкөндөр, кафелерден тамак ичкендер, кийим алгандар аябай азайды. Акылбек Жапаровдун кебинде “кеп бардай”. “Ачарчылык”, “Кризис”, “Миграция”, “Жакырчылык”, “Кымбатчылык” күчөдү. Ушундайда эл күчкө келип кетпесе болду...

 


автор: Асыл

Бөлүшүү