2021-09-1902:37

Мамлекеттин жемкор жетекчиси желкесин карабай качып кетти.

2021-08-17 14:24 513

         Мамлекеттин жемкор жетекчиси желкесин карабай качып кетти. Кайсы өлкөнүн башчысы өзүнүн гана башын ойлоп, мамлекеттик казнанын акчасын өзүнүн казанына сала берсе, ал өзүмчүлдүккө алып келет. Дүйнө жүзүндөгү эксперт-серепчилер Афганистан өлкөсүн аябагандай коррупцияга белчесинен батып калган өлкө катары эсептеп келишкен. Анын натыйжасында, өлкө башчысы Ашраф Гани элин ойлобой, өзүнүн керт башын ойлоп, өлкөсүнөн чыгып кетти. Соцсеттерде Ашраф Гани машиналарга топтогон, самолётторго жүктөгөн акчалары менен чыгып кеткени жазылууда. Ошондой эле афган эли учуп бараткан учактын канатына жабышып, учуп өлгөн адамдардын көрүнүшү көрүнгөн. Бийлик башында “бирөөдөн”, өлкөдө жашаган калк көп экенин, кайсы өлкө жараны болбосун аны “бирөөгө” жагынбай, эл арасында эл экенин сезип жүрсө ...


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү