2021-09-1901:30

Түшүнүгү жоктор да түшүнүк жаратат.

2021-08-23 10:16 428

       Мен ыргалып жүргөн ырчыларды анча жактыра бербейм. Алардын ырдап жүргөнүн жактырам. Сөзгө чечендердин сүйлөбөй сүйрөлүп жүргөнүн жактырбайм. Чечендердин чечилип чечкиндүү жөндөп сүйлөгөндөрүн сыйлайм. Акын-жазуучулардын жагалданып-жаганкооздугун жактырбайм. Алардын бийликтин бетине айтып жазмасы менен из салганына сыймыктанам. Бийликтин алдамчы-амалкөйлугун жек көрөм. Көпчүлүктү көздөрүнө илбей калгандары жаман экен. Байыгандан-байышып көздөрүн май басып, ичтери чыгып баса албай, көттөрү чыгып кеткени жаман экен. Акылдарына акыл кошулбай, кошоматчылары курчап кемчонтойго айлантып койгондору жаман экен. Берген убадасынын учу жок, кур-бекер кеп болуп калганы кепке калат экен. Айткан сөзүнөн жыйынтык жок, сүйлөгөнү сөзгө калганы жаман экен. Калктан кадырлуу калк башчы, элден барктуу эл башчы болбойт. Түшүнүгү жокторго түшүнбөйм. Аларга теңелбейин десем, алар дагы түшүнүк жаратып жиберет экен. Муну мен "түшүнүк" менен жашагандарга жазган жокмун. Түшүнүктүүлөрдү түшүнөт деп ойлойм....


автор: Куттумидин Базаркулов

Бөлүшүү