2021-09-1902:27

  Чемпиондордун арты менен көпөстөр да сыйлык алды.

2021-08-23 13:33 1235

         Чемпиондордун арты менен көпөстөр да сыйлык алды. Алардын катарына, ошол эле өлкө башчы Садыр Жапаровдун китебинде, шайлоо учурунда 1 млн долларды жутуп алган деп жазылган Акматбек Келдибеков сыйлыктын сыймыгы болду. Өлүк аталып, арбагы Белоруссияда “көрүнчү” болуп көрүнгөн Данияр Үсөновдун жесири Динара Исаева өлкө башчынын колун кармап, сыйлыкка татыктуу болду. Дагы бир “атың чыкпаса, жер өрттө” аталган атактуу мурунку жогорку кеңештин депутаты Дамирбек Асылбек уулу алкыш алды. Эмнесине алкыш алды, бул көрүнүш табышмак болду. Анткени, Дамирбек Асылбек уулу Казакстанда кармалып, абакка жатып кесилген. Ага бажы каттамындагы ири контрабандалык кылмыш тагылган.  Жакында эле элге көрүнө баштаган. Башталышы өлкө башчынын колунан “алкыш” алганы болду. Дагы бир олимпиада катышуучуларынын аркасынан Мелис Турганбаев бир эмес, эки жолу трибунага чыгып өлкө башчысынан колунан сыйлыктарды алды.


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү