2021-09-1902:15

Дагы бир жемкор жегенин кусту. 

2021-08-24 10:31 950

          Дагы бир жемкор жегенин кусту. Ал мурунку Сокенин жакшы көргөн өкмөт башчысы, оң колу Мухаммедкалый Абылгазиев болду. Көптөн бери көпчүлүккө көрүнбөй көмүскө абакта отурган чиновник М. Абылгазиев дагы жөн отурбай жең ичинен жеп жүргөнүнөн жем чачты. Анын суммасы 50 млн сомду түзгөн. Чөнтөгүнө түшкөнүнөн, кусуу жолу менен мамлекетке түшүрүмүш болуп, болуп турган акчасынан төгүп койгондой. Бирок кусканы менен “кускун” аталып калаары менен, төгүп койгону менен “жемкор-жегич” болуп калаары менен иши болбогондой. Эгер жемкор аталбаса, жанагынча миллиондогон сумманы кайдан таап төктү. Эми эркиндикке чыгып, “атактуу” Абылгазиев тергөө менен кызматташып, анын кызматчысы болот. Кызык, жемкор тергөө кызматчысы болобу ....

 


автор: Баян

Бөлүшүү