2021-09-1901:07

 Таенем атамды каргап жүрөт.

2021-08-24 13:10 611

        Таенем атамды каргап жүрөт. Таенемдин айтуусу боюнча ал кызынын өлүгү үчүн атамды күнөөлөп келет. Атам, апамды атайын өлтүрүп койгондой көрөт. Кээде мен дагы таенемдин шолоктоп ыйлап айтып берип жатканын угуп, мен дагы атамды жек көрүп кетем. Апам кыркка чыга элек, 39 жаш мүчөлүгүндө боор оорудан каза болду. Таенемдин атамды күнөөлөгөнүндө, атам өзүнө ылайыктап көңүлдөш күтүп алып, ооруп жаткан апама көңүл бурбай койгондой. Чынында ойлосом, ошондой болгон сыяктуу, анда мен кичинекей элем, азыр чоңойгондо көз жүгүртүп келем. Ата-энемдин эки этаж үйү, беш комнаталуу элита үйү болгон. Таенемдин айтканы, ошол дүйнөсүнүн бирин сатып, апанды Индияга алып барып алмаштырып келсе болмок дейт. Жакында бир 65 жашка чыккан аксакал Индиядан боорун алмаштырып келиптир, ошону таенем угуп алып, күйбөгөн жери күл болуп кетет. Кызынын сүрөтүн карап алып күнүгө көз жашын төгөт. Мындайда таенем менен атамдын ортосунда калам. Атам, азыр таенем көңүлдөшү деген аял менен жашайт. Чындык ким тарапта? Мүмкүн мен чындыккты сезген менен аны уккум келбей жаткандыр. “Урматтуу Окурман!” - Мындай жазууну атын айткысы келбеген, бир даанышман жазып кеткен.


автор: Асыл Нурматова

Бөлүшүү