2021-09-1902:05

 Ак ийилгени менен сынбайт.

2021-08-25 10:46 680

        Ак ийилгени менен сынбайт. Азыркы тапта Токиодо өткөн олимпиада оюндарынын салтанаттуу кечесинин катышуучулары күрөш федерациясынын президенти Шаршенбек Абдыкеримовду колдоп чыгышты. Колдогондордун баш сабында М.Турганбаев, А. Тыныбекова, А. Махмудов, Дамирбек уулу А,  Д. Исаева жана тренерлер, олимпиада оюндарынын жалпы катышуучулары. Алардын пикиринде он эки жыл Ш. Абдыкеримов жакындан колдоо көрсөтүп, бир топ спортсмендерге үй машина алып берип, дух берген. Бийлик иштин жыйынтыгын көрүп алып, сыйлык, машиналарды берсе, жыйынтык чыгаруу үчүн канчалаган колдоо көрсөтүлүп келген. Олимпиада оюндарынын катышуучулары  атайын эфирге сүйлөп чыгышып Ш. Абдыкеримовду колдоп чыгышкан. Чындыгында эмгектин башында турганын бийлик көрмөксөн билмексенге салып, аягында тургандарга алкыш бергени калпыстык болуп калгандай. Канткенде да чыгаан спортсмендер өзүнүн колдоочусун колдон чыгаргысы келбей, колдоп келерин билдирүү кылышты.


автор: Баян

Бөлүшүү