2021-09-1902:42

 Адамдын жүрөгү алдын ала сезет.

2021-08-25 13:02 618

          Адамдын жүрөгү алдын ала сезет. Жакшылык болоордо жүрөк алдынан жылуулук өтүп турса, жаман сезип турганда муздак щамал уруп турат. Кубаныч-кайгы тартаарда жүрөктүн согуусу ылдамдайт. Бекеринен сүйүү сезиминин туу чокусунда жүрөк турбастыр. Жүрөгү менен сүйүү, жаман көрүү өмүрүнүн акыркы күнүнө чейин созулат. Ошондуктан, жүрөккө калган кара так эч качан өчпөйт. Аны долларлаган акча каражаты да өчүрө албайт. Ал эми жүрөктөгү жакшы көрүү, бардык жамандыктарды, ушак-айыңды жууп кетет. Өзгөчө, ушул өмүрдө бийлик адамына жүрөгү менен берилгенге этият болуш керек. Анткени, бийликтеги адамга ишенич өтө опурталдуу. Ал бийликте саткындыктан баштап адам өмүрүнө кол салууга чейин жетет. Ошондуктан жүрөгүңөр менен бийликке берилбегиле. Бийликке келгенде жүрөктүү сабырдуулук, байкоо менен кармоо шарт. Жүрөк адам кыймылы, өмүрү. Бир эле минут жүрөк токтосо, ошону менен өмүр токтойт. Андыктан жүрөктү да сезе жүрөлү. Бирок, анткен менен жүрөктү оорутпаган заман болбой калган өңдөнөт.

 


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү