2021-09-1901:36

 Мен сыздап турам.

2021-08-26 10:03 364

         Мен сыздап турам. Сыздаганымды сезгендер барбы? Кабыргам кайышып турат. Кайгырганымдан кабар алгандар барбы? Алым кетип турат. Акыбалдан алик алгандар барбы? Ыйлап жатам! Ыйманга келгендер барбы? Караандай калп менен караалап, жалган жалаа жаап, жалган дүйнөгө шылтоо кылгандарга кулак салып шайым ооп шагым сынып турат. Ушундай суроо салганың менен суруулуп чыккан бирөө жоктой. Бир гана жаратылыш жол берип сур булут сүр көрсөтүп турат. Ай айланып келген  Ай тутулду! Бирок айланчыктап келген бир адамдан ун чыкпайт. Билесиңер! Көрө албастын көр көзүнөн кыргызда Таттыбүбү танынакай сулуу кеткен! Бүгүн сулуунун карыганын көрсөк болбойт беле... Чучук, казы-карта жеген байлык бийликтуу бай-манаптар төкмө талант Токтогулду Сибирге кескен. Түрмө төкмөнү тукумдуктан кечиктирди. Бут тоскон тозокулар, министр Султан Ибраимовду Көлдөн көскөрүнө атып кетти. Азыр аксакал болсо болбойт беле... төрүбүздө отуруп бата берсе кандай эле Ойлон, жакшы Жаратканыма жакын... Жакшыны жамандарга салып бербей, жарыгын көрбөйлүбү? Жакшыларыбызды колубуздан алдырып алкымдуу Ажыдаар ичине жаткызбайлы! Аттин адамзат арманы! Демократия дегенибиз менен Демондордун өкүм сүргөнү.


автор: Куттумидин Базаркуловдун чыгармасынан

Бөлүшүү