2021-09-1902:32

 Бүгүн байланышы жок “кыргызпочтамт” ишканасы иштеген жок.

2021-08-26 13:35 455

                Бүгүн байланышы жок “кыргызпочтамт” ишканасы иштеген жок. Баарынан өлкөнү байланыш менен камсыз кылган мамлекеттик мекеме байланышы жок иштеген жок. Ушундай ишканалардын шалаакы иштегенин өз көзүң менен көрүп алып, кайсы кылымда жашап жатабыз дейсиң. Барсаң беш саатан бери интернетибиз жок деп, анда иштеген кызматчылары жооп берип, топтошуп калган элди топуратпай кетиргенге шашып жатышты. Бишкектин борборунда “Почтамт” мекемесинде интернет жокко учурады. Аталган ишкананын директору иш убагында иште жок. Анын орун басары Рахат эжекебиз күнөөнүн баарын интернет менен иштегендерге коюуп, директору каяка чыгып, дайынын билбегенин айтты. Секретаршасы да директорунун дайнын билбейт. Мына кадрлардын кайдыгерлиги ...


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү