2021-09-1902:21

Тоок урдагандарды тоок кустурбай, жегичтер жегенин толук куспай, жем таштап жатышат.

2021-08-27 12:43 548

          Тоок урдагандарды тоок кустурбай, жегичтер жегенин толук куспай, жем таштап жатышат. Мындай ой, коомчулукту ойго салып турган учуру. Чынында эле, тоок урдап, тоок кусуп чыктым деген, бир дагы кесилген адам жок. Ал эми элдин сөзүндө, элге чыккан маалыматка миллиардап жегендер миллиондоп, долларлап жегендер сомдоп жем чачып чыгышууда. Ушундай кеп ушуга айланткандай. Айланкөчөк заманында көч айланып келип, бүгүнкү кускандар эртеңки кускундарга айланып калаарынан шек жок. Мыйзамсыз баюу беренеси менен кармалгандар, кылмыштарын моюндарына алып, миллиондоп төгүп берип жатканы анык көрүнүш. Эгерде тоок урдагандарга да тоок төктүрсө, бир топ “тоок фермалары” ачылмак. Жеңил жаза алгандар жеңилдебей, оорлошуп ооруса дагы абакта отурушат. Ал эми миллиардап жегендердин жазасы жеңилдеп, жегенинен жемин берип жеңилдеп боштондукка чыгып жатышат. Жыйынтыгында тоок урдагандар темир тордо, мамлекетти тоногондор торгойдой сайрап, сайрандап эл аралап эркиндикке чыгууда.


автор: Асыл Нурматова

Бөлүшүү