2021-09-1901:01

 С. Жапаров чакырганы менен В. Путин келбейт.

2021-09-03 11:03 1024

          С. Жапаров чакырганы менен В. Путин келбейт. Жакын арада өлкө башчы Садыр Жапаров Россия өлкөсүнүн Президентти Владимир Путинди Кыргызстанга чакырганы менен азырынча келүүдөн баш тартып турат. Биринчи Кыргызстан өлкөсүнүн эли аябай жакырланып, кедейлиги өкүм сүрүп, кымбатчылык күч алып турганда Путиндин келиши ага аброй алып келбейт. Коррупцияга чырмалышып турган өлкө, өзүнүн көйгөйүн өзү чечсин таризде карманып турганы ага оң келгендей. Биздин өлкөнүн экономикасынын акыбалын, ички маселеринин алардын экспертери мурун эл талдап, ордуна коюп койгондой. Канчалык чоңдор мактанып, шайлоонун алдында убадаларын бербесин, башкаларга Кыргызстан өлкөсү башкача баа берилип турганы анык. Башка өлкөлөрдүн биздин өлкө башчыларына ишенбөөчүлүгү дагы эле бардай.


автор: Асыл Нурматова

Бөлүшүү