2021-09-1901:58

Жаңы жетекчи жаңыча иштеп жатат.

2021-09-03 12:45 625

           Жаңы жетекчи жаңыча иштеп жатат. Климаттары баткактуу Жыргалаң Санаториясы Жыргалаң суу куймасында, Каракол шаарынан түндүк-чыгышка 10 км, Бишкектен 390км аралыкта Ысык-Көл областында Ак-Суу районунда орун алган. Мындан 40 жыл мурун аталган Жыргалаң Санаториясы түптөлгөн. Отузга жакын дартка даба келген Санатория, союз ыдырагандан бери кошо ыдырап эч каралбай калган. Андагы бак-дарактар сугарылбай чириген, имараттар бузулуп талап-тоноого туш болгон. Бир жылдан бери  ал жерге мурун мер-аким болуп иштеп келген, тажрыйбалуу Өмүрбек Шаршеналиев келгенден бери тонолгон имараттар оңдолуп ордуна келип, чириген-кулайын деп көрктүү бузган бак-дарактар кыйылып, муун ооруларына керектүү баткактарды улам жаңыланып, ванналары жаңыртылып, келген кишилерге шарттар түзүлүп, санаторияга жан кирип жаңылануу үстүндө иштеп жатканын көрүп, кубануу жаратты. Дагы бул маселеге кайрылабыз.


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү