2021-09-1901:29

Өмүрбек Бабанов эч кимден коркпойт.

2021-09-06 12:41 1500

           Өмүрбек Бабанов эч кимден коркпойт. Ал коркок эместигин далилдеп, бир нече жолу видео кайрылуусунда кайталап айтып чыккан. Сөзүнө туруп, өлкөдөн чыгып кеткен Ө. Бабанов 5-сентябрда өлкөсүнө келгени кабарланууда. Оорусуна байланыштуу Россиянын борбору Москва шаарында дарыланып, Бишкектеги үйүнө транспорт менен келген. Эми абактан чыгып, дарыланып келген Бабановдун жолу кандай болот, аны убакыт көрсөтөт. Азырынча анын жакындары, тарапташтары эч кандай комментарий бере элек. Айта кетсек, Өмүрбек Бабанов УМКНнын абагынан 27-июлда ден-соолугуна байланыштуу өлкөдөн чыгып кеткен.


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү