2021-09-1901:17

Сазга баткан өлкөсүн ойлоп, акындар сыздап кете берди.

2021-09-07 10:29 792

            Сазга баткан өлкөсүн ойлоп, акындар сыздап кете берди. Кайран кыраан, кыраакы акындарым, мамлекеттине жемкорлук-жегич мамиле жасап жаткан бийлик төбөлдөрүн төбөштөйм деп, өмүрлөрү менен коштошуп, жай албаган жандары жайына берилди. Төкмө акын Элмирбек Иманалиев келген бийлик кеткен бийликке шылтоолоп, өзү оңоп-түзөп кеткендин ордуна кеткен бийлик кейпин кийгендигин арман кылып акыркы күндөрү ырын төгүп ырдаган. Кыргыз төрүн төрөлөр булгаган. Ал эми Элмирбек акындын жан досу Зайырбек Ажыматов жемкорлорду булуң-бурч, жыртык-тешик таба калып жемсөөлөрү тойбогон жемкорлорду чөөлөргө теңеп, чөөлөргө чөгөлөбөй кыргыз элинин башын бийик көтөргөнгө чакырган. Чөөлөрдүн чөгөлөгөн мезгили келерине үмүт кылып жүрүп, акындын жүрөгү арманда кетти. Дагы бир өмүрүнүн акыркы күндөрү эки дос акындын удаа кеткенине кейип, ырын созолонто ырдаган дагы бир акын Сейит Жээнбаев аларды ээрчип кете берди. Акын Сейит Жээнбаевдин акыркы күндөрү, акыркы ырларынын акыркы ыр сабы:  Ыйлабачу бириң болгула,

                                                    Ырдагыла, бийлеп, толгула.

                                                    Өлгөнүмдө менин жүзүмдү

                                                    Ак жамгырга ачып койгула!!!


автор: Куттумидин Базаркулов

Бөлүшүү