2021-09-1902:14

 Бир тууган Замир, Эмил Бекбоевдердин апыртмалары ашынып кеткенби...

2021-09-07 14:33 1256

           Бир тууган Замир, Эмил Бекбоевдердин апыртмалары ашынып кеткенби... Ушундай ойго арга жок келесиң. Сөз башыныан болсун десең, айтылган бир тууган Бекбоевдер, мурунку Жогорку Кеңештин депутаты А. Малиевди гана эмес, жалпы мамлекеттик структураны, коомчулукту, ишти карап жаткан соттордун да башын айлантып жаткандай. Айта кетсек, 2014-жылы Замир Бекбоев, А. Малиевдин Бишкектеги борбордук Эркиндик-Чокморов көчөсүнүн кесилишиндеги 18 сотык жерине көз артып калат. Ал жерди билгенден кийин А. Малиевдин жанын койбой, күнүгө күн артып келе берип, ошол жерге үй салам деп А. Малиевдин тынчын алып келишимге ынандырат. Ошол учурда Замир Бекбоев мамлекеттик кызматта чоң чиновник болгондуктан, ОсОО “Фирма Бабек” ишканасы аркылуу Эмил Бекбоев менен кол коюуга өтүнөт. Келишимде 12 кабаттуу турак жай офис бизнес борбору менен курулуушу каралып, 2015-жылы 18 айдын ичинде бүтөрү белгиленет. Келишимдин негизинде курулушттун чыгымын ОсОО “Фирма Бабек” толук мойнуна алып, анын 30% пайызы жер ээси А. Малиевге тийиштүү болоору бекитилип эки тарап кол коюлат. Иш жүзүнө келгенде, бир тууган Бекбоевдер өз убагында курулушу жүрүп жаткан имарат бүтпөйт. Мына ушул жерден Бекбоевдер чыр чыгарып, А. Малиевдин 18 сотык жерин тартып алууга умтулуп документтерин даярдап баштап, арыздарды ар кайсы жерге жазат. Биринчиден жерин тартып алганга аракет кылса, 12 кабатттуу үйдүн ордуна 13 кабат кылышат, 3 кабаттан 12 кабатка чейин 50 кв метрден ашыкча балкондорду салат. Ошону менен бирге өнөктөшү А. Малиевдин ордуна, Эмил Бекбоев имаратты кабыл алуу актысына өз кол коюп өткөзөт. Мына ушундай махинация жолдорду баштайт. Анын аркасынан кандайдыр бир жашыруун жолдор менен соттор дагы бир тууган Бекбоевдардын мыйзамсыз тарабына тарапташ болуп чыгышат. Ал эми Замир Бекбоев иштин башында турганын чанып, бул ишке иниси Эмил Бекбоевди салып берет. Биз бул мыйзамсыз апыртмалуу иштерге дагы кайрылабыз.


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү