2021-09-1901:05

 Акын Алыкулдун арманы.

2021-09-08 09:33 919

            Эмнеге колумда кыбырап турган кызымды кабырга кантип коём. Көз көрүнө көзү күлүп, көзүн жумаа калган кызымды көрүстөнгө кантип көмөм. Жытыңдан айланайын Жыпарым! Алаканымдан кантип алып жерге берем. Жытыңдан кагылайын! Мен кантем! Сен жашоом элең! Сен өмүрүм элең. Сен улуу акын Алыкулдун агып турган ыры элең! Жетимдикти башымдан өткөрүп ата-энемди жерге эрте берип ата батасын укканым жок, эне жытын моокум каңгыча жыттаганым жок... Жыпарым! сен дагы мени таштап дагы жетим кылдың. Жетимсиреттиң! Ата эне көрбөгөнүмө аз келгенсип, өзүм дагы ата-эне боло алганым жок. Оо жаратканым!- сен дагы менин өмүрүмө ушунчалык өчөштүңбү... эмне өчүң бар, өчүң болсо жакындырымды жерге жаткызбай мени алып кетсең болмок. Менин арманым тирүү туруп ушунчалык жерге жаткандардан арманым күч болду. Ал күчүм ошолорго ыйлап шайым кетти. Эмнеге баарынар жер жыттайсыңар. Жок дегенде чогуу кетпейт белек. Жарыкта жашаганым менен жашоом караңгы. Жүрөктө сүйүү жалыны болгону менен арнай турган жан жоктой. Жыт билген мурдум болгону менен жыттай турган Жыпарым жок. Чиркин, жашоомдо ата-энеме эркелеп көкүрөгүнө кысылбадым! Ата-эне болуп кызым Жыпарымды көкүрөгүмө кыса албадым. Бир гана жанымды жай алдырбаган курс-курс жөтөлүм таштабайт... Канчалык көзүмдөн жаш аккан сайын, куурап бир кетип баратам. Элиме алп Алыкул болгунум менен өзүмө өзүм сайып койгон куу жыгачтай. Жан дүйнөм калкыма калдайганым менен карааным жалгыз бир куу баш. Жанымда Жыпарым жок, мен жалгыз! Артымда ырдалчуу ырлар, кеп кылар кеп-сөз калды. Аттиң тагдыр ачы көз белен, такымдан туяк калтырбаган.


автор: Куттумидин Базаркулов

Бөлүшүү