2021-09-1901:51

Эми бүтүнчүлөр митинге чыгат.

2021-09-10 12:09 1203

          Эми бүтүнчүлөр митинге чыгат. Ушундай сөздөр желдей тарады. Анын бирден-бир себеби, бүгүн таңкы беште аэропортто Москва шаарына учуп кетеерде “Бүтүн Кыргызстан” саясий партиясынын активдүү мүчөсү Орозайым Нарматова органдар тарабынан кармалган. Ушул саатта Орозайымдын тарапташтары Бишкек, Ош шаарларында топтолуп жатканы айтылууда. Бүтүн Кыргызстан саясий партиясынын лидери Адахан Мадумаров партиялашынын эркиндиги үчүн болгон күчүн жумшаарын айтып чыкты. Ал эми соцсеттерде Орозайымдын камалышы туурасында талаш-тартыш пикирлер улам жар салууда. Айта кетсек, активист Орозайым каза болгон агасынын сөөгүн Россия өлкөсүнөн алып келип, жайына берип, учакка учаарда кармалган.


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү