2021-09-1900:48

  Бир тууган Замир, Эмил Бекбоевдер качан камалат.

2021-09-14 12:15 1021

          Бир тууган Замир, Эмил Бекбоевдер качан камалат. Жең ичинен сүйлөшүүнү өркүндөтүп алышкан бир туугандардын апыртмалары өтө эле ашынып, Ашуу ашып бараткандай. Каратып туруп эле 1994-жылы алынган мурунку Жогорку Кеңештин депутаты А. Малиевдин Бишкектеги С. Чокморов көчөсүндөгү 18 сотых жерге 12 кабаттуу үй салып берем деп алдап алып, ал жерге мыйзамсыз 13 кабат көтөргөн. Ошону менен бирге ар бир кабаттан шаардын эсебинен мыйзамсыз 50 кв метр чыгарып балкон салганга жетишкен. Бул прокуратура тарабынан такталган. Эми ал жерди тартып алганга ач көздүк кылып жатыптыр. Албетте буга көп жылдан бери бир тууган Бекбоевдердин көбүртүп жазганына соттор да ишенип алган. Эмне менен ишендиргени мыйзам менен эмес, “дүнүйө” менен экени талашсыз. Мындай иштин башында мурунку жогорку соттун төрайымы Феруза Жамашева бар экени да ачыкка чыгып тургандай. Анткени, ошол талаштуу жердеги үйдөн анын үй-бүлөсүнө да батир берилген. Кандай жол менен үй бергени укук коргоо органдары тарабынан текшерилиши керек так.  Ошондой эле бир тууган Бекбоевдердин курулуш иштеринде адам өмүрү да кыйылган. Бир жаш бала өлгөн ошол үйдү салып Бабек ЛТД фирмасына иштеп жүрүп.  Бекбоевдердин жүргөн жеринен чырлуу окуялар катталып турат. 2018-жылдын август айында Бекбоевдердин жакын өнөктөшү Россиялык бизнесмен Александр Гайдуковко жардыруу болуп аман калган. Жардыруусу ошол боюнча табышмак бойдон калган. Ага чейин бир тууган Бекбоевдар Гайдуковду бизнес жолунан кетирүү ыкмаларын колдонуп келишкени маалым болгон. Кызыгы, соттор тарабынан мүлктү кароодогу мамлекеттин бюджетине түшүүчү 5 млн сомдун ордуна, миң сом гана акча госпошлина төгүлгөн. Бир туугандар каяктан мындай ири өлчөмдөгү акчалуу байлыкка жетишкен?  Дагы бул иштерге кайрылабыз.


автор: Асыл Нурматова

Бөлүшүү