2021-09-1901:39

Биринчи байлык ден соолук.

2021-09-15 09:45 694

          Ден-соолук

         Адам өзгөйлөрдү издеп аларды өгөйлөтпөй, биринчи өзүнүн денесине көз жүгүртүү керек. Көз жүгүртүү да, ойлонуу да, кыймылга келүү да, басып-турганы да өзүнүн денесинен чыгат. Бардык нерсе ушулар аркылуу ишке ашат. Кыймылдасан кырды ашасың, бассаң баскан  жериңе жетесиң. Ойлонсоң, ой камтыйсың. Көз жүгүртсөң, көргөн-билгениң бар. Карама-каршылыкты каршылашынан издебей, адегенде өз денеңден издесең табасың. Кудайдын куттуу күнү, күн сайын дененде ачуу-таттуулар аралашат. Чай кашык менен кумшекер аралаштырып чай ичесиң, ачуу туз салып тамак жейсиң. Варенье, туздалган эттер, сенин ашказаныңда. Ачуу-таттуу... Ал эми менин жакшы көрүп калган адамын жаман болуп калды деп кейибе ... Андай жагдай сенин денеңде турат: Жакшы көргөн тамагың сасык болуп чыгат. Сени салмактай турган, таразалачуу денең. Көп жесең, көчүгүңдөн чыгат. Көрдүңбү тууганым, досум! Турмушту башкарам десең адегенде денеңди башкара бил. Денең жок болсо, тууган-душман, карама-каршы, ачуу-таттуу жеңүү-жеңилүү баары жок болот. Андыктан адамдын алгачкы капиталы дене, байлыгы ден-соолук. Дене менен иштеп, дене менен жашайбыз.


автор: Куттумидин Базаркулов

Бөлүшүү