2021-10-2808:27

Болот кантип курчуду.

2021-09-17 12:36 1794

          Болот кантип курчуду. Жөн турган нерсе, жөн жерден болбойт. Чындыктын чыңалуусуна кимдир бирөө ага түрткүлөп ага түрткү болот. Акыркы күндөрү коомчулукта кооптуу абал түзүлгөнүн бийлик өзү айтып чыккандай түр көрсөттү. Бийлик деле, жөн жерден сүр көрсөтпөсө керек. Бардыгын сүргүнгө айдачудай менсиңген саясатчыларды суракка чакырды. Анын башында генерал аксакал И. Исаков болсо, аны менен катарлаш Жогорку Кеңештин депутаттары Бакыт Жетигенов, Алтынбек Сулайманов, Жанар Акаевдар болду. Ошондой эле, Атамбаевдин досу Туйгуналы Абдраимов, Жапаровдун өзүнүн досу Акматбек Келдибековдор сурактан суралып чыгышты. Булардын суракка келишине маданият тармагынын өкүлдөрү Сонунбү Кадырова, Меңди Мамазаировалардын жазган арыздары себеп болгон. Ал саясатчылар мындай көрүнүштү шайлоо алдындагы коркутуу-үркүтүү катары баалашууда.


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү