2021-10-2808:15

Соке түкүрүк өкмөт, чимкирик парламент менен иштеген.

2021-09-20 12:41 1876

          Соке түкүрүк өкмөт, чимкирик парламент менен иштеген. Алты жылдык өлкө башчылык креслону, үч жыл иштеп, мөөнөтүнөн мурун куулган Сооронбай Жээнбеков эмне иш бүткөргөнү белгисиз. Ушу турган Бишкек-Кара-Балта жолу кандай бузулса ошол бойдон туруп, чаңы сапырылып берди. Элдин алдына берген убадаларын аткарган да жок. Эмгек акыны 26 миң сомго көтөрөм деп, 26 тыйын да көтөргөн жок. Пенсионерлерге 10 миң сомдон пенсияны көтөрөм деп, өзү көтөрүм аталып, бийлик тактысынан көмөлөнүп кетти. Былтыйгандар, акмактар, шерменделер деп жүрүп, өзү былтыйып, акмагы чыгып шерменде болду. Мындай сөздөр өлкө ичинде кенен чөйрөдө айтылып калды. Ал эми аяшы Раиса Атамбаева аны чирик алмага теңеди.


автор: Асыл Нурматова

Бөлүшүү