2021-10-2808:02

Эл өкүлдөрү жасалмалуулука өтүп келген.

2021-09-22 14:42 1736

         Эл өкүлдөрү жасалмалуулука өтүп келген. Мындай көрүнүш отуз жылдык эгемендүүлүктө көз көрүнө көрүндү. Өзгөчө ушундай жүздүү Жогорку Кеңештин депутаттары көрсөттү. Айткан сөздөрүнөн кайтып кеткенди өтө жакшы өздөштүрүштү. Карапайым калкка айтып шайланып алып, топ элдин эмес бир адамдын башын аттап өтө албай, “ляппай”, “хопмайлиге” өтүшкөн. Жагалдануу, анын аркасынан жасалмалуулук жаралган. Депутаттар калкты ышкыртта берет, эл миң сомго шайлай берет болуп калды. Бул калыптан калк кантип чыгат? Ошондой эле элди алдап шайланып алууга өлкө башчылар деле ушундай эле көрүнүшкө өткөн. Аны деле эгемендүүлүктүн отуз жылдыгы көрсөтүп келди. Эл өзүнө керектүү кадрларды тандай албай жатканы, жашырганда эмине, шайлоодо шуулундар шуулдап өтүп, калк калкка алданып калат.


автор: Куттумидин Базаркулов

Бөлүшүү