2021-10-2806:44

 Кыргызалтыны чет өлкөгө чыгып кетти.

2021-09-23 10:53 2226

        Кыргызалтыны чет өлкөгө чыгып кетти. Мындай уу-дуу фактылар эки күндөн бери калк арасында кеп-сөзгө алынып, кепке калды. Факты болгондой, 17 тонна алтын концентраты Кытай өлкөсүнө чыгып кеткен. Аны Бажы кызматынын төрагасы билбей калганын билдирген. Эми кызык жери, бизге эмнеге тонналаган алтындын кереги жокпу. Мамлекеттин ашказаны болгон экономика ушул үчүн көтөрүлбөй, элдин ачка калышына мына ушундай көрүнүштөр себеп болууда. Алтын тармагын тейлеген Кыргызалтын концерни учурда банкрот. Анан кантип алтындар тонналап чет өлкөгө агылып жатса. Кумтөрдүн иштери дагы элдин көңүл төркүнүнө айланып келүүдө. Кумтөрдүн жетекчиси Бөлтүрүктүн бөлтүрүк иш-чараларында көрүнгөн “башы чарадай” иштер ачылып, ал жагына да аз калды окшойт. Жалпы өлкө экономикасына, каржысына кызмат кылган Акылбек Жапаровго тонналаган кыргызалтындары ага акча эмес көрүнөбү, же эч нерсени сезбей калганбы ...


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү