2021-10-2808:51

Замир, Эмил Бекбоевдарда алдамчылык көз караш качан пайда болгон.

2021-09-24 13:20 1957

          Замир, Эмил Бекбоевдарда алдамчылык көз караш качан пайда болгон. Акыркы күндөрү мындай көз караш күчүнө кирип, күндөн-күнгө алдамчылык күч алып барат. Ал күч, күчүн сотторго да көрсөткөнгө жеттиби, же жетеер жерине жеттиби. Эми алдамчылык көз караштын пайда болушу. Мурунку Жогорку Кеңештин депутаты А. Малиевдин Бишкектеги жеринен башталган. Аталган депутаттын жери Бишкек шаарынын эркиндик көчөсүнүн кесилишиндеги С. Чокморов көчөсүндөгү 18 сотых жери болгон. Досун саткан окуянын олуттусу ушул жерден болгон. А. Малиев менен Замир Бекбоев экөө жакшы катышта болуп, мамилелери да достукта болот. Ушундай себептен Замир Бекбоев, А. Малиевдин Бишкектин борборундагы жерине көз салып, көз артып келет. Аны А. Малиев убагында билбейт. Замир Бекбоев ач көздүк менен жерди сурап, ал жерге баардык бизнестик комплекси менен он эки кабаттуу үй салып бермек болот. Анын 30% пайызын А. Малиевге ыйгарат. Ошентип, З. Бекбоев ач көздүгүн ишке ашыруу үчүн А. Малиевдин артынан калбай, чуркап жүрүп А. Малиевди ынандырат. Ишенчээк А. Малиев макул болот. 2014-жылы келишим түзүп, кол коёрго келгенде Замир Бекбоев иниси Эмил Бекбоевдун кол коюусун өтүнөт. Замир Бекбоевдин айтуусунда, ал ак үйдө чиновник болуп иштегендиктен кол койгонго болбой турганын билдирет. А. Малиев жанында дос болуп, жакын болуп жүргөн Замир Бобоевга дагы ишенет, аны иниси Эмил Бекбоевдин көзүнчө уят кылгысы келбейт. 2014-жылы курулуштуу баштоо боюнча “ОсОО Бабек ЛТДсы” менен кол коюлгандан баштап 2019-жылдын аралыгында баардык ишке Замир Бекбоев жооп берип келет. Качан, качан курулуш өз убагында бүтпөй, көйгөйүү чыга баштаганда Замир Бекбоев досу А.Малиевди көз көрүнө сата баштайт. А. Малиевге иниси Эмил Бекбоевди салып берет. Мына ушул убакытка чейин Замир Бекбоев ач көздүгүнөн кете албай, досунун жерин тартып алганга чейин иниси Эмил Бекбоевди пайдаланып келет. 2015-жылы курулушту бүтүрөм деген убадасына турбай, 2019- жылы бүтүрүүгө милдеттеме алып, аны да аткарбай алдаган. Ал эми 2020-жылы курулушту кабыл алуу актысына алдамчылык жол менен Малиевдин колун жасалма жолу аркылуу коюшкан. Замир Бекбоевдин саткындыгы жакын арада токтогудай эмес. Бул маселеге кайрылып келгенбиз дагы кайрылабыз..


автор: Асыл Нурматова

Бөлүшүү