2021-10-2807:37

Кутучадагы адамдын кундуздай сыры...

2021-09-27 10:40 1786

            Мен бүгүн эмнегедир Антон Чеховдун "Кутучадагы адам" аттуу чыгармасын окуп чыктым. Ар бир адамдын тагдыры сыр сандыкчадагы сырлуу турмуш. Жеке өзүңө алганда жеке өзүңдүн тагдырың. Бир үй-бүлөдө жашасаң дагы жан башка. Ал башкача... улуу жазуучу бир каармандын кыймылы менен бүткүл адамзаттын жүрөк оорусун берген. Сен бир нерсеге аттанаарда жалгыз баш турганын эсте. Душмандарына караганда көпчүлүк учурда жакындарың көп жүрөгүңдү оорутат. Себеби, дайыма алар жаныңда жүрөт. Демек күнүгө ар кайсыны айтып жүрөгүңдү оорутушу мүмкүн. Кутучадагы адам колунан келип турганда, аны баары жакшы көрүп, жакшы адам болгон. Качан баарынан кол жууганда, алгач жакындарына жек көрүнчү аталган. Эч ким анын кыбыраган ийгилигин күткүсү келген эмес. Ишеничтен кеткен. Душмандарынын көзүнө көрүнгүсү келбеген, жакындарынан жанын ала качып сыр сандыкчага сырлуу болуп кудучадагы адам аталып калыптыр... Мен муну жазып жатканым, Антон Чехов биринчиден Кутучадагы адам катары, бул адамдын жүрөгүн чагылдырган. Анткени, адам жүрөгү денеге жашырынып алып эч кимге көрүнбөй ооруйт. Жадаганда, дененин ээсине да көрүнбөй сыздап турат. Жүрөктүн ыйлаганын ким билсин.


автор: Куттумидин Базаркулов

Бөлүшүү