2021-10-2808:39

Бөлтүрүк баш бербей жатат.

2021-09-28 08:53 2203

          Бөлтүрүк баш бербей жатат. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттардын билдирүүсүндө Кумтөрдүн анабашчысы Т.Бөлтүрүк Парламентке отчёт берүүдөн баш тартып жатыптыр. Аны Ата-Мекен фракциясынын депутаты. Н. Никитенко ачык айтып чыкты. Ал эми жалпы Кыргызстан өлкөсү боюнча алтын кенин көзөмөлгө алган “Кыргызалтын Концернин” жетекчиси Умбеталы Кадыралиев Бөлтүрүккө сүйлөгөндөн чочуйт экен. Чындыгында, депутат Н.Никитенко айткандай “Кумтөр” компаниясы Бөлтүрүктүн же фирмасына айланганбы же мамлекеттикиби? Бул чоң суроону жаратат. Чоң суроонун аркасында кандай чоң маселелер бар. Мындай көрүнүштүн бети жакында ачылган өңдөнүп калды окшойт. Алтындын сырты жалтыраак болгону менен анын ичинде сырдуу окуялар катылып келген. Табияты ушундай.


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү