2021-10-2807:00

Кымбатчылык элди кыйнап баратат.

2021-09-28 13:58 1562

          Кымбатчылык элди кыйнап баратат. Бишкектин борбордук көчөлөрүндө ижарага берем деген, имараттын сыртындагы жазуулар көбөйдү. Демек, чакан ишкерлер дагы ишин күндөн-күнгө токтотуп баратат. Базарда азык-түлүккө болгон баалар асман чапчыды. Карапайым калктын күнүгө нан таабусу да оорлошуп бараткандай. Баалар өстү, айлык көтөрүлгөн жок. Ушундан улам айлыкка иштеген жөнөкөй мамлекеттик кызматкерлер дагы кыйналганын ачык айта баштады. Өлкөдө экономика өскөн жок, жумушсуздук көбөйдү, миграция эшелондолуп агылгандан агыла баштады. Дагы күнүмдүк керектелүүчү товарларга күнүгө баа ушунтип өсө берсе, элде ачаарчылык болбойт деп эч ким кепилдик бере албайт. Анда эмне болот...


автор: Асыл Нурматова

Бөлүшүү