2021-10-2808:08

Баткенчилер Владимир Путинге кайрылды.

2021-09-30 10:17 2112

          Баткенчилер Владимир Путинге кайрылды. Бул иш айла кеткенден болду. Токсончу жылдын аягында Кыргызстан өлкөсүндө Баткен коогалаңында отузка жакын кыргыз жоокери террорчулардын колунан өлгөнү маалым. Ал окуя эстен кетпейт. Бүгүн ушул согуштун катышуучулары өкмөт үйүнүн алдында митингге чыкты. Алардын талабы Садыр Жапаров баштаган бийликтин көңүл бөлүүсүн талап кылды. Арасында ар кандай баскычтагы баса албай, сүйлөй албаган майыптары да бар. Ал эми бул бийликтен түңүлгөндөрү Россия Президенти Владимир Путинге да кайрылып, жардам берүүсүн өтүндү. Эгерде бийлик, Баткен коогалаңынын катышуучуларынын бүгүнкү талаптарын укпаса, эртең башкача кадамдарга барарын эскертишти.


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү