2021-10-2806:46

Ликвидатор С. Күчүков жемкорлук кылып жатабы.

2021-10-01 14:08 1544

          Ликвидатор С. Күчүков жемкорлук кылып жатабы. Атактуу Мирбек Асанакуновдун табакташ жанында жүргөн жакыны Самарбек Күчүков өз билемдикке салып, мамлекеттик профсоюздук санатория, курорторун жасалма түрдө кароосуз калтырып менчиктештирүүгө даярдап жатат. Атайын профсоюздук санаторияларды талатып-тонотуп, ремонт жасамыш болуп бузуп жатканы, мындан эки жыл мурун эле маалым болгон. Самарбек Күчүков башчылык кылган Воронцовкадагы “Кыргызстан” санаториясына миллиондогон сомдорду каратып алып, каратып туруп эле тоногонго өткөнүн, аталган санаторияда көп жыл жетекчи болуп иштеген. Г. Маймендееванын айтып берген видеосу Республиканын булуң-бурчуна тараган. Эмнеге миллиондогон акчаларды жең ичинен жеген Күчүков Самарбек Айдарканович дагы эле профсоюздан айдалбай “кыргызкурорттуризм” башкармалыгынын башчысынын орун басары болуп турат. Демек профсоюздун биринчиси Мирбек Асанакуновдан кутулбай, анын карааны Самарбек Күчүков аркылуу кайтарылып турабы... Бул маселеге дагы кайрылабыз.


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү