2021-10-2806:39

Он күндөн кийин саясат күчөйт.

2021-10-05 14:47 1148

           Он күндөн кийин саясат күчөйт. Эске сала кетсек, ушул шайлоолордун кесепетинен, эл үч жолу бийликти кулаткан. Чет өлкөнүн серепчилери, шайлоо бүтөөрү менен “киргизация” пайда болоорун эскерип турат. Алардын түшүнүгүндө шайлоодон кийинки революциялар эсинде калгандай. Аныс деле ошондой болуп, эки өлкө башчы өлкөдөн куулуп, акыркы өлкө башчы мөөнөтүнөн мурда мөөнөтүнө жетпей калган. Ушундан улам ушундай болуп кетпесине азыркы бийлик дагы кам көрүп жаткандай. 18-октябрдан бийликтин катасына көңүл буруп, катуулагандар, чындыкты ачууланып ачуу айткандардын саны көбөйүшү, турган иш экени белгилүү. Бул шайлоодон кийин революция болбосун деп тилек кылалы.


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү