2021-10-2808:32

 Билектерин түрүп бийлик талашууга киришти.

2021-10-12 13:24 1403

            Билектерин түрүп бийлик талашууга киришти. Киришкенде да катуу киришти өңдөнөт. Ушундай өңүт 10-октябрдан башталды. Анда партиялар шайлоого катышаарын билдиришип, курултайларын өткөрүштү. Эркин көкжал партияларданбыз деп “Азаттык” партиясы илгерки союздан бери келе жаткан талапкерлерин көрсөтүп чыкты. Эгемендүүлүктүн эгемендүүсү маани маңызын берерин билдирген, азыркы бийликке алтернатива экенин билдирген Ата-Мекен партиясы курултайын революционер, жазуучу М. Горкийдин жанында өткөрдү. Кыргызстан өлкөсүн бөлүп-жарууга, бүлүндүрүүгө жол бергиси келбеген. “Бүтүн Кыргызстан” партиясы коммунисттерди башына коюп чыкты. Ал эми Ата-Журт Кыргызстан партиясы өлкө башчы Садыр Жапаровдун бийлигин колдоого алаарын билдирди. Дагы партиялар 14-октябрга чейин курултайларын өткөрүшөт.

 


автор: Кубат Койчиев

Бөлүшүү